Кечээ, 14-майда саат 22:16да Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Жалал-Абад облусуна чейин сезилген. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Байзак, Ызар, Достук, Ак-Коргон айылдарында – 4 балл, Ала-Бука, Сары-Талаада 3 баллга чейин сезилген. Ошондой эле, Чаткал районунун Сумсар айылында 4 балл, Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөө Кербенде, Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баллга жеткен.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ