Menu

“Бирик” партиясы: 7 пайыздык босого бирдиктүү жана ишке жарамдуу Жогорку Кеңешти түзүү үчүн ылайыктуу

Бөлүшүү:

“Бирик” саясый партиясынын билдирүүсү:

Азыркы оңой эмес учурда 9 пайыздык босого кээ бир партиялар үчүн чоң тоскоолдук жараткандыктан алар шайлоодон баш тартыштары мүмкүн. Биздин парламентаризмди жактаган өлкөбүздө мындай чакан партиялардын орду сөзсүз болушу керек. Алар да өз максаттарын элге жарыялоого, коомго өнүгүү тууралуу программаларын айтып берүүгө, сунуш-пикирлерин жеткирүүгө укуктуу. Бул үчүн чакан партиялар сөзсүз түрдө шайлоого катышуусу максатка ылайык.

Азыр биздин алдыбызда жаман тумоодон улам жаралган олуттуу көйгөйлөрдү жоюу маселеси турат. Ошондуктан биз мамлекеттик ишмердикке бардык конструктивдүү саясый күчтөрдүн катышуусуна шарт түзүп, кеңири жол ачышыбыз керек.

Биздин көз карашыбыз боюнча 7 пайыздык босого бирдиктүү жана ишке жарамдуу Жогорку Кеңешти түзүү үчүн ылайыктуу деп ойлойбуз. Өтүү босогосун төмөндөтүү өлкө саясатын өзгөртүүгө, мамлекетке пайда келтирүүгө, шайлоочулардын мүдөөсүн орундатууга жана жеткиликтүү күчү бар партиялардын саясый күрөшкө кошулуусуна жакшы шарт түзмөк.

Ошондой эле шайлоо кепилдигин 5 миллион сомдон бир миллионго чейин төмөндөтүү абдан маанилүү маселе экенин билдире кетмекчибиз. Мындай кадам шайлоого катышкысы келген бардык саясый күчтөрдүн өзүлөрүн көрсөтүүгө, парламент трибунасында эл көйгөйүн чечүүгө татыктуу экенин далилдөөгө шарт түзөт.

Азыркы кезде коомдо курулай айтылган кооз сөздөр менен жеңил-желпи пиарга орун болбошу керек. Шайлоо мыйзамдары кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары үчүн өзгөрбөшү кажет. Ошол эле учурда шайлоочулардын жеткиликтүү колдоосуна ээ боло албаган партиялар коомчулуктун көзүн будамайлабай саясый оюндардан баш тартыштары зарыл.

“Бирик” саясый партиясы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: