Россияда коронавирусту жуктуруп алган мигранттарды ооруканалар кабыл албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда “Ата Мекен” партиясынын жыйынында депутат Айсулуу Мамашева билдирди.
“Алар тааныш дарыгерлерди чакырып, өзүн-өзү дарылоого мажбур болушат. Биз мекендештерибиз үчүн онлайн-консультация уюштурушубуз керек” – деп билдирди депутат.
Депутат Айсулуу Мамашева Саламаттыкты сакто министри Сабиржан Абдикаримовго мигранттардын маселесин колго алууну суранды.
Белгилей кетсек, бүгүн Москва-Бишкек чартердик каттам менен 147 кыргызстандык жаран учуп келишкен.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ