Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 16-майда түнкүсүн Ысык-Көл жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +19… +24,
Таласта түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +16…+21,
Баткенде түнкүсүн: +11… +16, күндүз: +19…+24,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +11…+16, күндүз: +19…+24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +4…+9, күндүз: +17…+22,
Нарында түнкүсүн: +2…+7, күндүз: +17…+22,
Бишкекте түнкүсүн +10…+12, күндүз: +22…+24.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ