Menu

Коронавирус жуктуруп алган “Фрунзе” гипермаркетинин кызматкери менен 48 адам байланышта болгон

Бөлүшүү:

Коронавирус жуктуруп алган Бишкектеги гипермаркетте иштеген кызматкер 48 адам менен байланышта болгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаарыны вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Буга байланыштуу шаар тургундарын көп адамдар чогулган жайларга барбоону сунуштайм. Өтө зарыл болгон учурларда гана үйдөн чыгууга чакырам. Коомдук жайларда жүргөндө социалдык аралыкты сактап, жеке коргонуучу каражаттарды колдонууну суранабыз” – деди Татьяна Кузнецова.

Вице-мэрдин айтымында, Бишкекте дагы эле COVID-19 инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу бар. Шаарда коронавируска чалдыккандардын саны – 305 адам, ал эми байланышта болгондордун саны – 648 адам.

Ал ошондой эле, учурдагы кырдаалга жарандарды түшүнүү менен мамиле жасоого чакырып өттү.

Белгилей кетсек, “Vefa” соода борборунда жайгашкан Фрунзе гипермаркетинин кызматкеринен аныкталган. Ал жаран оорунун белгилерин байкап, медициналык кызматкерлерге медициналык текшерүүдөн үчүн кайрылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: