Menu

Жылдыз Жолдошева: “Текебаев парламентте “энеңди…” деп богооздонуп сөгүнгөндөн кийин энелердин назарынан калып, түрмөгө түшкөн, эми Абылгазиев да аман калбайт”

Бөлүшүү:

“Кечээ Жогорку Кеңештин жыйындар залында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин “Энеңди…” деп сөгүнүп олтурганы өтө уят иш. Биринчиден, Абылгазиев антип сөгүнгүдөй, тарбия көрбөгөн көчөдөгү бир ээнбаш эмес, мамлекеттеги эң жооптуу кызматта олтурган адам. Башкаларга үлгү көрсөтө турган киши. Премьер-министрликке миңдеген адамдардын ичинен тандалып суурулуп чыккан, идеалдуу, үлгүлүү киши иштеши керек. Экинчиден, Абылгазиев сөгүнгөн жер көчө эмес – өлкөдөгү эң жогорку бийлик олтурган жыйындар залы”, – деп билдирди бүгүн, 16-майда экс-депутат Жылдыз Жолдошева.

“Өлкөнүн биринчи “лицолорунун” айткандары дароо үлгү катары жаштардын арасына жайылат, мына социалдык тармактарда жаштар эки күндөн бери “Энеңди…” деп эле жайылтып жазып жатышат. Анткени премьер-министр айтса демек бизге деле боло берет экен деп ойлоп жатышат да. Былтыр Алмаз Атамбаев парламентти “чимкирик” деп койду эле эми жаштардын баары парламентти “чимкирик” айтып калышты. Бирок ошол “чимкирик” парламентти Атамбаев өзү алып келбеди беле? Ар бир партиянын тизмесин өзү текшерип, бекитип бергенин мээсинде бүдүрү барлардын баары билет. Телеканалдардын бирине “Абылгазиев энелерден кечирим сурап койсо болмок” деп айтып койсом, анын тарбия көрбөгөн тарапкерлери, туугандары, жердештери кайра мага асылышат. Бул алардын деңгээлин көрсөтүп турат… Дегеле мен андай эркектерге айтып койсом дегем: силер маани бербегениңер менен энелерге бул “Энеңди…” деген сөз аябай катуу тиет. “Эненди…” деген сөз оозунан чыккан богооз эркектер энелердин назарынан калат, муну бөркүңүздөй көрө бергиле. Абылгазиев бүгүнкү Энелер күнү менен Кыргызстанды “Энеңди…!” деп куттуктаган турбайбы”, – деди Жылдыз Жолдошева

“Парламенттин ыйык залын тарбия көрбөгөн ээнбаштардын деңгээлине түшүргөн богооз Өмүрбек Текебаев да жыйындар залында “Энеңди…” деп сөгүнүп, жердей унчукпаган кыргыз энелеринин назарынан калып түрмөгө түшкөн. Абылгазиев бул энени оозанып парламентте богооздонгон экинчи киши, тарбиясы жок экен ошол замат элден кечирим сурап койгонго эрки жетпеди, Текебаев да кечирим сураган эмес. Мына биздин жаштарга үлгү боло турган адамдарыбыздын деңгээли. Ушуларды ээрчиген да жаштар бар. “Уядан эмнени көрсөң ошону аласын” дегендей, кийин алардан да ушундай адамдар чыгат. Аларга бул көнүмүш адат. Текебаев менен Абылгазиевге окшогондор кыргыз саясатынын деңгээлин көчөдөгү бейбаштардын деңгээлине түшүрдү. Кудай бар, көрүп турат, энелердин назарынан калгандар өз жазасын алышат, Умай Эненин кусуру урат…”, – деди экс-депутат Жылдыз Жолдошева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: