Бүгүн, 17-майга карата Кыргызстанда дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, коронавирусту аныктоо үчүн бир суткада 3334 изилдөө жүргүзүлүп, анын ичинен алтоонун жыйынтыгы оң чыккан.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 2, Санкт-Петербурга шаарынан келгендерден – 10, Чүй облусунан – 3, Нарын облусунан – 6 адам катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1138ге жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ