“Бүгүн, 17-майда Москвадан Бишкекке 400дөй кыргыз жарандары учту, буйруса 5-6 сааттан кийин Бишкекте болуп калат. Бул жарандар 29-марттан бери хостелде жатышып, 1,5 айдан бери самолет күтүшкөндөр. Акыркы рейс Бишкекке 29-мартта болгон. Россиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясы бүгүн 400 жүргүнчү бата турган чоң самолет берди. Ошого карабай учууну каалагандардын баары батпай калды. Буйруса бир аптадан кийин дагы самолет болот. Бир кызыбыз самолетко олтуруп жатканда учуудан баш тартып, чыгып кетти. Кетип бараткандардын арасында жөтөлгөндөрү бар экен, аралап жүрүп байкадым. Жакшылап текшерип тосуп алгыла”, – деп билдирди КР мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев Шереметьево аэропортунан түз эфир аркылуу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ