Бүгүн, 17-майда Энелер күнүнө карата Алмаз Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев чоң энесинин жана өз апасы Бүажар Теңизбаеванын кенири чөйрөгө белгисиз сүрөттөрүн жарыялады:
“Бүгүн эң маанилүү майрам!
Ар бирибизди жарык дүйнөгө алып келген, багып өстүргөн энелерибиздин күнү!
Биринчи сүрөттө чоң энем. 11 жашыма чейин АПА деп, жапкан нанын жеп, насаат кебин угуп чоңойдум.
Экинчи сүрөттө жарык дүйнөгө алып келген апам. 11 жашымдан тарта колунда чоңойдум. Энелик мээриминин, чоңойгондогу шоктук кыялымдын бийик тоосу болду.
Ар бир аялзатты бүгүнкү Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар дайым адамзаттын бактысына бар болуңуздар!
Майрамыңыздар менен!”, – деп жазат Сейтек Атамбаев.
Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаевдин биринчи аялы Бүажар Теңизбаева Арашан айылына каттарлаш турган Кой-Таш айылынан болот. Атамбаев биринчи аялынан Сеид, Сейтек деген уулдары жана Диана, Динара аттуу эгиз кыздары бар. Ал эми экинчи аялы Раиса Атамбаевадан Алия деген кызы жана Кадыр аттуу уулу бар.
Бүажар Теңизбаева коомчулукка ачык чыга бербеген, өз жумушу менен гана алек болгон адам катары мүнөздөлүп жүрөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ