Урматтуу мекендештер!
2010-жылдагы кандуу Ош коогалаңы тууралуу өзүнүн пикирин жарыялап, Убактылуу өкмөттү сынга алып, анын себебинен бүгүнкү күндө куугунтукка алынып, доого жыгылган журналист Дайырбек Орунбеков камакка алынуу алдында турат. Убактылуу өкмөттү сынга алган макаласынан кийин Орунбековду президент А.Атамбаев “кадыр баркыма шек келтирди” деп сотко берип, сот 2 000 000 сом доо өндүрүү чечимин чыгарган.
Бүгүнкү күндө андай чоң суммадагы каражатты төлөөгө бир да журналисттин чамасы жок. Сот аткаруучулар “Орунбеков соттун чечимин аткарбай жатат”, – деп журналисти камакка алынсын деген сунуш менен жакында ИИМге кайрылды.
Ошол себептүү, чындык үчүн күрөшкөн ар бир журналисти коргоо биздин милдетибиз. Анын ичинде Дайырбек Орунбековду коргоп, келгиле мекендештер ага каржылык колдоо көрсөтөлү.
Көп түкүрсө көл болот, андыктан карап турбай жакындан жардам кылып өз салымыбызды кошолу.
Сиздерди терең урматтоо менен Жылдыз Жолдошова
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ