Кашкадарыя облусундагы Карши шаарынын тургуну үй-бүлөлүк чырдан кийин өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт койду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 17-майда түштөн кийин болгон. 1974-жылкы тургун биринчи топтогу атасы менен урушуп кеткен.
«Жинденген уулу аны токтотуу үчүн артынан кирген келини жана эки кичинекей баласынын көзүнчө атасына жана өзүнө бензин чачып, өрт койгон. Жыйынтыгында экөө тең алган жарааттарынан улам каза болду. Азыр келини, эки уулу жана жардамга келген дагы бир үй-бүлө мүчөсү күйүктөрү менен ооруканада», — деп билдирди мекеменин өкүлү.
Шаардык прокуратура ошол эле күнү «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ