Menu

Улут аралык кастыкты козуткан деп айыпталып, камакка алынган Даниел Ажиевдин СИЗО-1де сабалганын адвокаты айтып чыкты

Бөлүшүү:

Улут аралык кастыкты козуткан деп айыпталып, камакка алынган Даниел Ажиев СИЗО-1де сабалган. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 18-майда Даниел Ажиевдин баш коргоо чарасы узартылышы керек болчу. Бирок, Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев өзгөчө кырдаал режиминдеги ЖАМКтын эрежелерине таянып, соттолуучуну алып келбей тургандыгын билдирген.

“Менин кардарымды сабап салышкан. Бирок, ЖАМК бул фактыны четке кагып, эч ким ага колун тийгизбегени тууралуу   түшүндүрмө кат жазганын айтты. Тергөөнүн судьясы Абдразак Боромбаев тергөөчү менен бирге тергөө изоляторуна барышым керектигин, кардарымда бардыгы жайында экенине ынанып, акт түзүп, андан кийин сотко келип, ансыз санкцияларга катышуум керектигин айтты. Бул, менимче, кабыл алынгыс нерсе” – деп билдирди адвокат.

Эсиңиздерге сала кетсек, мурун вебкам студия ачып кыздарды иштеткендиги үчүн жазага кириптер болгон ишкер Даниэл Ажиев март айында коронавируска байланыштуу 7 облуска 7 миллион сомдук жардам көрсөтүүнү чечкенин жарыялап, Чүй облусундагы аялуу катмарга азык-түлүктөн жардам бере баштаган. Бирок социалдык тармактарда Ажиевдин акчасы арам жол менен табылган, жардамын албагыла деген чакырыктар жазылып, ызы-чуу түшүшкөн. Буга ызаланган Даниэл Ажиев 6 млн кыргыз элин ашата сөгүп, кийин өзүнүн мурунку досторун тилдеп буркан-шаркан түшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: