АКШдагы “Moderna, Inc.” клиникалык-биологиялык компаниясы 18-май күнү mRNA-1273 вакцинасын адамдарга сыноонун биринчи этабын ийгиликтүү өткөнүн жар салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, сыноого катышкан адамдардын сегизинен коронавирустун жайылып кетүүсүн чектөөгө алган антителалар табылган. Мындай антителалар COVID-19 менен ооруп, айыккандарда гана болору аныкталган. Вакцинаны адамдарда массалык түрдө сыноо июль айында башталат.
Изилдөөлөр ар кандай жаштагы адамдардын топторунда жүргүзүлгөн. Бир гана адамда дары сайылган жери кызарып чыккан, бирок көп өтпөй ал өзү эле кетип калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ