Эгер өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташып калса, бала бакчалар июнь айынан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачуу боюнча бир топ талаш-тартыш жаралган.
“Бала бакчаларды да 1-июнга калтырдык. Эгер абал турукташса, бакчалардын ишмердүүлүгүнө июнь айында уруксат беребиз. Азырынча алардын ишин токтотуп койдук”, — деди ал.
Боронов жалпы билим берүү мекемелери азырынча иштебей турганын баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ