Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда таштарды күч менен кулатуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Алардын айтымы боюнча, 12-майда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана божомолдоо башкармалыгынын адистеринин божомолунун натыйжасында, Арстанбап айылынын аймагында таш көчкү түшүү коркунучу бар экендиги, ал Тураев көчөсүндө жайгашкан 11 үйгө коркунуч келтире турганы аныкталып, таш кулоо процесстерин жоюу жөнүндө тиешелүү тыянак чыгарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ