Бүгүн Өмүрбек Текебаевди доктор Кубанычбек Апаска салыштырып, шылдыңдап аткан Алмаз Үсөнов кечээ Курманбек Бакиевдин администрациясында кагаз ташып, кулдук ура иштеп жүргөн кадр болчу. Албетте, агезде кыйындар көп эле, Үсөнов үтүрөйүп, баш көтөрө албаса дагы, оппозициядагы Атамбаев баш болгон саясатчыларды шыбатканга жетишкенин айтып калышат. 7-апрелден кийин жаңы бийлик келгенде Алмаз жумушсуз калып, кыйналып эле жүргөн. Роза Отунбаеванын аппаратына кызматка кире албай эле беймаза болуп. Бирок, жүнү тирүү экен, кийин ал Атамбаев президент болгондон кийин Акүйдө иштеп калыптыр. Иши кылып жол тапкан. Буга чейин Үсөнов бийликке сын айткандарды, оппозицияны көшөгө артынан шыбатып келсе, азыр ачыкка чыгып, өзү тиш сала баштады. Биздин угушубузга караганда, бу жигитке тиш кайраган азуулуу тыңчыкмалар көбөйүп кеткени, ыңгайы келген жерден өч алууга ашыккандарды кантебиз? Алмаздын келечек тагдыры жарга асылып калбайбы?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ