22-сентябрда “Кыргызстан” партиясынын съезди болот. Бул тууралуу саясий бирикменин секретариатынан билдиришти.
Белгилегендей, съезддин күн тартибин тактоо үчүн саясий кеңеш болуп өткөн. Анда жаңы төраганы шайлоо боюнча маселе коюлары маалымдалган.
“Азыркы лидер ордун сактап кала алабы азырынча белгисиз. Бирок ал жаңы мөөнөткө шайланышы мүмкүн. Саясий кеңеште анын кызматын узартуу боюнча суроолор болгон”- деп белгилешти катчылыктан.
Азыркы учурда парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков, а бирок партияны Канатбек Исаев башкарат.
Буга чейин “Республика-Ата Журт” партиясынын лидери дагы алмашканы кабарланган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ