Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов өкмөттүк онлайн-брифингде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө мурдагыдай эле тыюу салынган тармактарды тизмектеп берди.
Анын айтымы боюнча, ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө тыюу салынат. Алар:
– Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эстелик иш-чараларынын иши;
– Көңүл ачуучу мекемелердин иши;
– Балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянчаларынын иши;
– Интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайлардын ишмердиги;
– Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдардын иши.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ