Menu

Рыскелди Момбеков: “Семь Мобайл” менен “КТ Мобайлдын” директору Нурбек Мамбетакунов деген бир эле киши. Анын айынан мамлекетке 1,5 млрд сом түшпөй калды”

Бөлүшүү:

“2019-жылдын 26-июнунда ЖКнын “КТ Мобайл” боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтому чыккан. Анда башкы прокуратурага бир нече тапшырмалар берилген. Ошолордун аткарылышы жөнүндө айтып бериңизчи” – деп сурады бүгүн, 21-майда депутат Рыскелди Момбеков парламентке отчёт берип жаткан башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон.

“Ал боюнча 3 кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Эсептөө палатасына дагы токтом менен дайындалган. Бүгүнкү күндө анын дагы жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан бул иш созулуп келе жатат. Анын жыйынтыктары чыкса, тергөө органдары тарабынан тиешелүү юридикалык баа берилет” – деди башкы прокурор.

“Кимге иш козголду эле” – деп тактады депутат.

“Бул факты менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошол боюнча тергөө иштери жүрүп жатат” – деди Өткүрбек Жамшитов.

Депутат башкы прокурордо толук маалымат жок экенин айтып, токтомду дагы бир жолу карап чыгууну сунуштады.

“Бүгүнкү күндө “КТ Мобайл” банкрот. 345 млн сом акча бөлүнгөн виртуалдык уюлдук операторлор бир жарым жылда иштейт деген иштебей калды. 345 миллион сом акча орусча айтканда “ветерге”, кыргызча айтканда бекерге чачылды. Бюджеттин акчасы максатсыз пайдаланды, бирок, иш козголгон жок. Бир жарым жыл өттү. 345 млн сом менен эксперимент жазабайт да. “Салам” виртуалдык мобилдик операторун ачты, ал “Алейкум Салам” болуп калды. Бир жылдын ичинде 18 миң абонент дегени бул “жок” деген сөз. Бул 345 млн сом акча “оомин, аллаху акбар” жок, өлдү”, – деди депутат.

“Экинчи, дагы бир кылмыш иши бар. Аны силер козгоп, каржы полициясына жөнөткөнсүңөр. Эки жылдан бери эч жакка жылбай турат. Бул – № 15018-111.  Бул “Фонекстин” “Семь Мобайлга” (“Жети Мобайл”) “Жети Мобайлдан” “Нур Телекомго” (“Ошка”) жыштыктардын өтүшү боюнча кылмыш козголгон. Бюджетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген. 2 жылдан бери эч жыйынтык жок. Ушул боюнча айтып бергилечи? Эмне үчүн эки жылдан бери 1 миллиард сом зыян келсе, иш козголбой турат” – деп сурады Рыскелди Момбеков. 

“345 миллион сом боюнча ишти жакшы билем. Бүгүнкү күндө жыштыктар боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча реалдуу чечимдер кабыл алынат” – деди башкы прокурор.

Эсеп палатасына дайындалган боюнча, тез арада бүтүрүп берүүнү суранабыз” – дейт генпрокурор.

“Урматтуу Өткүрбек Асылбекович, сизде көп маалымат жок экен. Бакир Дулатович, сен жакшы билесиз, сиз экөөбүз менин иш бөлмөмдө сүйлөшкөнбүз. Айтыңызчы, эмнеге иш токтоп турат?” – деп депутат Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысына кайрылды.

“Бул боюнча сиз менен дагы сүйлөшкөнбүз. Бул жерде эки жактуу мыйзам болуп турат. Биз ошол жыштыкты кайтарган аябай аракет кылдык. Тергөөчүлөр менен группа түзүп, консультация кылып аракет кылдык. 2016-жылы Өкмөттүн токтому менен пилоттук проект боюнча, 3 жыштыкты сатканга уруксат берилген. Ошондо 1 млрд жакын акчага сатылган. Башка жыштыкка пилоттук долбоор менен сатуу мүмкүн эмес деп чыккан. Ошонун негизинде, сиз айткан бир жыштык сатылып кетет. Ал сатылбай, бекерге берилген. Мыйзам күчүнө күзүндө кирип жатат. Ушул жагдай бизди абдан кармап жатат. Мыйзамга дагы туура келет. Ошону кайрадан дагы текшерип жатабыз. Граждандык негизде сотко кайрылып кайтарсакпы (?),  биз аябай кызыкдарбыз” – деди Бакир Таиров.

“Кызыкдар болсоңор, эмнеге 2 жылдан бери иш жылбайт?” – деп дагы сурады депутат.

“Юридикалык баа бере албай жатпайбызбы” – деди каржы полициясынын башчысы Бакир Таиров.

“Ортодо 15 миллион доллар акча “оомийин” болуп кетти. Ошолор бул жерде отурат, жүрөт. Эмне үчүн түрмөгө отургузбайсыңар” – деди депутат.

“Түрмөгө отургузганга адам жок болуп жатпайбы. Биздин кызмат, ушул жыштыкты кайра артка кайтарууга кызыкдарбыз. Учурда иштеп жатабыз” – деди Бакир Таиров.

“Өткүрбек Асылбекович, бир жигитиңизди жибериңизчи. Мен сизге “дсп” материалдардын баарын берейин. Жанагы “Семь Мобайл” менен “КТ Мобайлдын” директору бир эле киши. Нурбек Мамбетакунов деген. Ушул баланын айынан мамлекетке 1,5 млрд сом түшпөй калды. Мына коррупция, мына факт, мына акт. Факты жатат, иш жок” – деди Рыскелди Момбеков.

“Рыскелди Чыныбекович, сиз фактыларды берсеңиз, тактап чыгалы. Тергөө фактыларды тактагандыгы үчүн тергөө. Мынча сумма зыян келтирилди деп айтып коюу оңой, анын баарын тактоо керек. Эгерде сиздики далилденсе, барып жоопко тарталы. Тергөө иштебей жөн эле жаткан жок да. Экспертизада, мыйзамдарда маселе болуп жатат. Ошондуктан чечим кабыл ала албай жатат. Мунун баарын кайрадан окулуп каралат, кечээки фактылар боюнча кайра каралып жатат. Сиз бизди атайылап иштебей жаткандай айтып жатасыз. Биз дагы иштеп жатабыз” – деп жооп берди башкы прокурор.

“Сиздин орун басарыңыз Дардаңов ушул иш боюнча мага кат жазып жатат. Дамир Сагынбаев, Исмаилов мага кат жазып жатат. Булардын бардыгы менде турат. Президентке дагы тапшыргам. Бирок иш жылбай жатат. Мен ошону айтып жатам. Кааласаңыз, көчүрмөлөрүн сизге берейин, карап чыгыңыз” – деди депутат башкы прокурорго.

Өткүрбек Жамшитов “бериңиз” деди.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: