Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Жанар Акаевдин радио жыштыктар боюнча билдирүүсүнө жооп берди

Бөлүшүү:

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштыктарды сатуу боюнча айыптоолорду четке какты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда парламенттин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы Жанар Акаевдин радио жыштыктарды сатуу боюнча билдирүүсүн көргөндүгүн айтты.

“Баарыбыз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз. Сиздер болсо, мыйзамдуу өлкөдө мыйзамды көзөмөлдөгөн элдин өкүлдөрүсүдөр. Менин таң калганым, такталбаган фактылар, имиш менен алынган фактылар айтылды. Менин аброюма дагы, Өкмөттүн адресине дагы ошондой сөздөрдү айтты. Бул Жанар мырзанын өзүнүн абийиринде. Муну саясатка айландырбаш керек деп ойлойм” – деди премьер-министр.

“2019-жылдын декабрь айынын башында планды аткаруу боюнча финансыга тиешеси бар бардык мамлекеттик органдар менен сүйлөшүп, анда бюджеттин булактары талкууланган. Бюджетти аткарыш керек деген ой менен радио жыштыктар эмне болуп жатат деген суроо туулуп, анан мен ал жактагы абалды текшерүүгө тапшырма бергем. Себеби, мурда бир фактылар болгон. Башка премьер-министрдин тушунда, жыштыктар пилоттук долбоордо сатылган. Радио жыштык – мамлекеттин байлыгы. Ошон үчүн булардын колдонушу кандай болуп жатат дегенде, бир фактыга жолуктук. Эки учур бар: бири мамлекеттик баланста турат (компанияларга берилбеген жыштыктар), экинчиси, мурун берилип кеткен, миң сомго берилип кеткен учурлар бар экен. Алар ээликке эмес, убактылуу колдонууга алынган. Ошолордун тагдыры кандай болуп жатат дегенде, бир факты чыккан. Бир компания убактылуу алган жыштыкты  экинчи бир компанияга сатып жатат. Мамлекет болсо, аны убактылуу пайдаланууга берген. Бул туура эмес деп табылып, мыйзам түрүндө ага чек коюлушу керек. Жыштыкты өзү пайдаланбаса, лицензиянын шартын аткарбаса, анда аны кайра мамлекетке кайтарып, керек болсо, аукцион өткөрүп ачык кылып сатышыбыз керек. Мен Өкмөт башчысы катары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка тапшырма берип, ал факты боюнча кылмыш иши ачылып, текшерүү иштерин жүргүзүп жаткан. Андан кийин экинчи факт ачыкка чыгып жатат. Кечээтен бери айтылып жаткан Ала-ТВ боюнча. Ал жыштыкты 1998-жылы алыптыр. Ал жыштыкты телевидение жагына алган. Колдонуп жүрүп, кийин жыштыкты “Билайнга” сатып жатат. Бул жерде ар кандай маалыматтар болду. Буга байланыштуу Президенттин тапшырмасы менен Аскер прокуратурасы учурда текшерүү жүргүзүп жатат. Мен эми ачык айтпай эле коёюн. Менин билишимче, 2-3 мамлекеттик органдын кызматкерлери кармалып, тергөө жүрүп жатат. Мыйзамга ылайык, тергөө ишине киришкен болбойт. Ошон үчүн комментарий берип, ким күнөөлүү ким күнөөлүү эмес экенин айткан туура эмес” – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Менин дарегиме айтылып жаткан билдирүүнүн дагы туура эмес деп ойлойм. Менин кубанганым, жыштык 900 миллион долларга сатылганы болду. Бул эми 1 млрд долларга жакын. Мегакомду билесиздер, компанияны жыштыгы менен кошуп 250 миллион долларга сата албай койгонбуз. Жыштыкты сатса, 900 миллион доллар болот дегенине бир чети кубандым. Бирок, сандарды такташыбыз керек. Андан аз болушу керек деп ойлойм. Бирок, анын баалуулугу бар” – деди премьер-министр.

“Азыр эч нерсе деп айта албайм. Сурак жүрүп жатат. Тергөөнүн кайсы стадиясына келгени сураган дагы жокмун. Себеби, башында өкмөт башчы катары өзүм баштагам, Бакир Таиров (Финполициянын башчысы) берген маалымат боюнча, мурда башталган иш менен азыркы ишти бириктирилип, прокуратура сурак жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы боюнча дагы маалымат угасыздар мен ойлойм. Эң башкысы, ошол жыштык мамлекеттин байлыгы, эгерде сатыла турган болсо, баасы чыгып аукциондо кымбат баага сатылышы керек. Чечим чыкпаса, ал мамлекеттин балансында байлык катары колдонулушу керек” – деди Өкмөт башчы.

“КТ Мобайл” боюнча, ал бүгүн 2 миллиарддан ашык баасы турат. Аны дагы сатып жиберебиз деп, былтыр абдан талаш-тартыш болгон. Бүгүн сатабыз десек, анын 2 миллиарддан ашык баасы бар. Компаниянын толук иштеши үчүн кеминде үч жыл талап кылынат. Бир жылдын ичинде аны бутуна тургузуу мүмкүн эмес” – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: