Menu

Айбек Бусурманкулов депутат Кенжебек Бокоевге: “Эмне үчүн “Жерүй” алтын кенинде Кыргыз мамлекетинин үлүшү жок? Бул эмне деген чыккынчылык?”

Бөлүшүү:

20-майда Жерүй алтын кени боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айбек Бусурманкулов 2015-жылы Алмаз Атамбаев президент, Темир Сариев премьер-министр болуп турганда $5 млрд алтыны бар Жерүй алтын кенин Бабанов баштап келген Россиялык чечен ишкерлерине Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай болгону $100 млн долларга сатып жиберген комиссияга мүчө болгон Кенжебек Бокоев баштаган депутаттарга 8 суроо узатты:

“АлТын мафиясы. Жерүй.

Кенжебек Сатымкулович!
Игорь Константинович!
Скрипкина Галина Анатольевна!

Сизди 2020-жылдын 20-мартындагы Элдик комиссиянын отурумуна чакырган элек. Тилекке каршы отурумга келген жоксуз. Ошол себептен сизге суроолорду Фейсбук аркылуу берүүгө аргасыз болуп жатабыз.

Суроолор?
1. Эмне үчүн Кыргыз Өкмөтүнө 0% үлүш берген Россиялык ОАО “Восток-гоелдобыча” утуп (биздин ишканабыз ОАО “Кыргызалтын” утулуп) калган?
2. Эмне үчүн Кыргыз Өкмөтү кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын көздөбөй Жерүй алтын кенине кеткен тарыхый чыгымдарды( чалгындоо, ЛЭП, Жол, инфраструктура ж.б) эске элбай, инвесторго белекке берип койгон? Ушунча эле акчабыз ашып ташып жатабы? Конкурстун шарттарында эмне үчүн көрсөтүлгөн эмес? 
3. 100 млн. долларды ким, кантип аныктаган?
4. 589млн. доллар боюнча арбитаждык соттун чечимин көрдүңүз беле?
5. “Джеруйалтын” ЖАКдагы 40% Кыргызалтындын үлүшүнүн тагдырына эмне үчүн кызыккан жоксуздар?
6. Эмне үчүн Кыргыз мамлекетинин үлүшү жок? Бул эмне деген чыккынчылык?
7. Конкурстун талабына 3-пунктунда көрсөтүлгөндөй “Восток-гоелдобыча” ААК 5 жылдык алтын казуу боюнча тажрыйбасын тастыктаган документти көрдүңүз беле?
8. Ошол убактагы бийлик тарабына кандайдыр бир кысым болду беле?

Айбек Бусурманкулов, “Жерүй” алтын кени боюнча элдик комиссиянын төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: