Улуттук онкология жана гемотология борборундагылар кандайча коронавирус илдетин жуктуруп алганын бүгүн, 22-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев түз эфирде айтты.
“Улуттук онкологияда коронавирус оорусу чыкканы боюнча маалымат 11-май күнү келип түштү. Иликтөөнүн натыйжасында Панфилов районунун тургуну 28-апрелден 4-майга чейин небереси менен ооруканада жатып чыккан. Кийин ал жергиликтүү мекемеге текшерилгенде андан коронавирус илдети аныкталган. Дал ушул ооруканада иштеген 129 медицина кызматкери текшерүүдөн өттү. Коронавирус 9 баладан жана аларды карап жаткан 3 ата-энелерден чыккан. Ал эми балдар бөлүмүндө вирус аныкталган жок”, – деди Үсөнбаев
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ