Menu

Видео – Бишкектеги күйүүчү май сактоочу ангардан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-майда болжол менен саат 10:30 дарда Бишкек шаарындагы Садырбаев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу ангардан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, ангардан чыккан өрт саат 11:24тө чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм жана Штаб тартылган.

“Өрттөн жабыркагандар жок. От чындыгында коңшу үйгө жайылып, анын чатыры күйүп кеткен. Бирок өрт тез эле өчүрүлдү. Азыр ал жерде алты өрт өчүрүү бригадасы иштеп жатат”- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ алдын ала маалыматтар боюнча Масалиев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеден өрт чыкты деп маалымат тараткан.

https://www.facebook.com/mes.gov.kg/videos/540369819988996/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: