Айтылуу Аликбек Жекшенкулов акыркы убакта президент Жээнбеков менен премьер Абылгазиевдин ишмердиктерин активдүү колдой баштаганын ММКлардан жана социалдык тармактардан баарыбыз эле байкап, кубанып турабыз. Бул киши бир кезде Тышкы иштер министри делген үлкөн кызматты аркалап саясатта бир топ эле тажрыйба топтоду. Болгону 2010-жылдагы куралдуу мамлекеттик төнкөрүштөн кийин башкаларчылап, Ак үйдөгү кызматты баса жыгылууга чуркабай, Мегаком ишканасын көзөмөлгө алганы Атамбаевге жакпай калып, кийин бийликке такыр жолотпой койду. Эми жаңы бийлик Жекшенкуловду өзүнө тартабы деп турсак, анын уулун өкмөттүн аппаратына кызматка алышыптыр. Кантсе да Жекшенкуловдордун бири аткаруу бийлигине аралашып калганы жакшы болуптур.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ