Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимовго Башкы прокуратура тарабынан сөгүш берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимовдун Өчпөс отко гүл коюу иш-чарасында формачан, бирок башына калпак кийип турган сүрөтү катуу талкууга алынган. Социалдык тармактагылар кээ бирлери колдоп, айрымдары сын таккан. Сүрөт быйыл 9-майда иш-чарада тартылып алынган.
Башкы прокуратура Кубат Абдраимовдун бул аракети кызматтык этикага туура келбейт деп тапкан. Прокурорго сөгүштөн тышкары сый акы да берилбей турган болгон.
Ал эми Кубат Абдраимов байкабай калганын, күн суук болуп жатканын, калың кийинип, ошол бойдон иш-чарага катышканын белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ