Menu

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын текшерүүнүн жаңы негиздерин атады

Бөлүшүү:

Учурда мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн декларациялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мүлкү жана кирешелери жөнүндө мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңешке киргизилет. Бул мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкердин өзүнүн мүлкүнөн тышкары өзүнө катталбай, бирок колдонуп жаткан мүлкүн дагы декларациясында көрсөтүшү керек.

“Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтагы жакын туугандар жөнүндө маалыматтар кеңейтилип жатат. Декларацияны өзгөртүүдө 2 эле негиз бар, ошол негиз 2ден 8ге чейин көбөйүп жатат. Мисалы, сатып алынган мүлктүн баасы 2 млн. сомдон ашык болсо, ошол маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Андан сырткары, 2 миллион сомдон ашык акча бар деген маалыма түшсө, аны дагы текшерүүгө негиз болот. Мамлекеттик кызматкер же анын жакын тууганы мүлктү же акцияларды сатып ала турган болсо, же кандайдыр бир келишим түзө турган болсо, анын суммасы мамлекеттик кызматкердин расмий түрдө акыркы 3 жылда алган кирешенин суммасынан ашык болсо, анда бул дагы текшерүүгө негиз берет ” – деди Эркинбек Асрандиев.
“Ошол эле учурда декларацияда көрсөтүлгөн маалымат туура эмес көрсөтүлсө, же декларант текшерүүгө макулдугун бербесе, же мамлкеттик кызматкер декларация тапшырбай турган болсо, бул дагы текшерүүгө негиздер болот” – деп кошумчалады вице-премьер-мининстр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: