25-майдан тарта Бишкекте коронавируска каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эң коркунучтуу этабы башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кечээ, 23-майда онлайн-брифингде билдирди. Мэр муну 25-майдан тартып көптөгөн ишканалардын жана коомдук транспорттордун ишке кириши менен байланыштырды.
Ошондой эле, 23-майга карата Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандардын саны 348 адамды түздү. Алар 727 жаран менен байланышта болгон. Коронавирус илдетине чалдыккандардын көпчүлүгү 102 адам Ленин районунда жашайт. Октябрь районунда – 71, Биринчи май району – 56, Свердлов району – 43.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-майга карата коронавирус илдетине чалдыккан жаңы 15 учур катталды. Жалпы саны 1365. Айыккандар 957, ал эми каза болгондор 14.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ