Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган жок. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды Орозо айт күнү үйдөн чыкпай, үй-бүлө менен майрамдоого чакырды. Муфтий бул тууралуу 24-майда Орозо айт күнү кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирген.
“Бул жылы Рамазан айында дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстандын аймагында COVID-19 инфекциясы жайылып, баарыбызды бушайманга салды. Бул оорунун алдын алып, илдеттин мындан ары жайылып кетпөөсүнө жол бербөө максатында жана элибиздин саламаттыгы, коопсуздугу үчүн мечиттерибиз жабылууга аргасыз болду. Жума намазы, Орозо айт намаздары окулбай калды. Мындай кадамга биз гана эмес, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү барышты. Айт күнү да бардык эрежелерди так сактап, үймө-үй кыдырып кетпей, үй-бүлөбүз менен чогуу майрамдап, башка мусулман бир туугандарга үлгү болчу сапаттарыбызды көрсөтөлү”.
Максатбек ажы Токтомушев коронавирус пандемиясынан улам мечиттер жабылса да карантиндин эрежелерин, талаптарын, санитардык нормаларын так сактап, сабырдуулук менен 30 күндүк орозо кармаган мусулмандарга ыраазычылык билдирип, “бул илдетти чогуу жеңип чыгууга аз убакыт калды”, – деп билдирген.
Бүгүн, 24-май Кыргызстанда Орозо айт майрамы. Жыл сайын бул күнү айт намазы аянттарда, мечиттерде окулуп келген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ