Бүгүн, 24-майда Россиянын Оренбург шаарынан борбор калаабыз Бишкекке 413 мекендешибиз кайтып келди. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9 автобустан турган колонна Казакстан территориясы аркылуу транзиттик коридор менен эки күндүн ичинде бүгүн, 24-майда Кыргызстанга келди.
Келген жарандардын баардыгы бекитилген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат.
Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз өкмөтү Оренбург облусунан 413 Кыргыз жаранын алып келүү үчүн 9 автобус жибергени кабарланган. Бардык жүргүнчүлөр Казакстан тараптын талаптарына ылайык медициналык текшерүүдөн өтүшкөн болчу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ