Menu

Бүгүн Бишкекте шаар ичинде каттаган автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар ишке кирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-майда Кыргызстанда  шаар ичинде каттаган автобустар, троллейбустар жана кичи автобустардын ишине уруксат берилди. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы 25-майда 110 троллейбус жана 112 автобус каттамга чыгарын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб иши жандандырылган тармактар санитардык талаптарды так аткарышы керектигин, эреже бузулса айып пул салынарын эскертти. Ал эми Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев элди коомдук транспортто беткап тагынууга жана автоунаанын ичинде аралыкты сактоого чакырды.

«Коомдук транспортто адамдардын бири-бири менен байланышы жогору болот. Автоунаага кишини толтуруп салбаш керек. Каттамга чыгар алдында унааны дезинфекция кылып, унаанын бардык металл жана пластиктерин тазалоо зарыл. Каттамдан кайтып келгенден кийин да автоунааны жууп-тазалап туруш керек. Ошол эле кезде жарандар да унаага толуп калгыча түшүп алып кооптуу жагдайга кириптер болбосо жакшы болмок».

Ошондой эле, Кыргызстанда кийим-кече сатуучу базарлар, жайкы кафелер жана ресторандар, театр, музей жана китепкана толугу менен иштеп баштады.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: