Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбек Түлөбердиевдин эстелиги жакында гана ачылса да, анын жазуулары түшө баштады. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу блогер Владимир Цай баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, ысым жазылган тамгалар жерге түшө баштаган. Көрсө, алар эки тараптуу скотч менен чапталган экен.
Белгилей кетсек, Чолпонбаев Түлөбердиевдин эстелиги Жеңиш күнүнө карата 7-майда ачылган. Эстелик Бишкек шаарындагы баатырдын аты берилген паркта коюлган. Парктын аянты 10 гектар, борбордун түндүгүндө жаңы жашыл аянтты куруу үчүн шаардык бюджеттен 48 млн сом сарпталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ