“Достор, баары жүрөктөн, мен эч нерсеге чакырык таштаган жокмун. Көзүңөрдү ачкыла, ойгонгула, мындай жашаш болбойт башка, болбойт”, – деп билдирди 25-майдын кечинде “Чоң казат” кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев Токтогулдук “чоң казатчыларга” кайрылып.
“Ит минген” жашоо – чоңдордун балдарынын баары чет өлкөдө окуп, чет өлкөдө иштеп, Гугл, Фейсбуктарда иштешет экен, кыргыздын балдарынын баары гастарбайтер, көпүрөнүн астында жатпайбызбы… Силер эми өзүңөр ойгонгула. Чыйкандын өзөгү жарылды, эми коррупционерлердин өзөгүн тазалаш керек да. Ириңди эл өзү тазалаш керек, мен жалгыз тазалай албайм да, биригип туруп тазалаш керек. Эчтеке, акча албайбыз, байлыкка, бийликке – Жогорку Кеңешке умтулбайбыз, жашоо оңолсунчу, анан баары оңолот”, – деди Сыймык Жапыкеев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ