Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 20 адам,
– Нарын облусунан – 1 адам,
– Жалал-Абад обусунан – 2.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 1015 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ