Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 1788 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 35 жаңы учур катталган.
Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1468ге жетти. Алардын ичинен 1015 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ