Menu

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүш үчүн 180 тест борборлору даярдалган

Бөлүшүү:

Жалпы республикалык тестирлөө 21-июндан 25-июнга чейин өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүш үчүн өлкө боюнча жалпы 180 тест борборлору даярдалган.

“Ал жердеги имараттар дезинфекцияланат жана ар бир бүтүрүүчү жеке каражаттар менен камсыз болуп, социалдык дистанция сакталат. Бардык коопсуздук эрежелерди сакташ үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Окуучулар 21-июнда тесттин биринчи этабынан өтсө, 22-июнда предметтик тестти тапшырышат. Ал эми 23-июнда бардык тест борборлору кайрадан дезинфекцияланып, даярдык көрүлөт. 24-июнда тесттин экинчи этабы өткөрүлөт. 25-июнда кайра эле предметтик тесттен сынак болот. Ошондо 25-июнда жалпы республикалык тестирлөө аяктап, 13-июлдан 19-июлга чейин бардык бүтүрүүчүлөрүбүз сынактын жыйынтыктарын колдоруна алып калышат. Ал эми 20-июлда абитуриенттерге жогорку окуу жайына тапшыруунун биринчи этабы башталат”, – деп билдирди Жусупбекова.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: