Menu

Кыргызстандык 50 келинди Өзбекстан кабыл алды

Бөлүшүү:

Ошто «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтө албай жаткан, Өзбекстанга турмушка чыккан 50 кыргызстандык келинди өзбек тарап кабыл алды. Бул тууралу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, туугандык байланыштары тастыкталган 50 кыргызстандык келин 23-май күнү Өзбекстандагы үй-бүлөлөрүнө кайтып кетти. Учурда чек арадан өтө албай жаткан жарандар жок.

Өзбекстанга келин болгон ондогон кыргызстандыктар чек аралар ачык учурда келип, кайра үйлөрүнө кете албай калышкан. Буга чейин алар кыргыз чек арачылары өткөргөнү менен Өзбекстан кабыл албай жатканын айтып кайрылышкан. Аялдар 21-май күнү Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнөн жардам сурашкан.

Чогулган аялдар өздөрүнүн тизмеси боюнча карантин кире электен мурун келип кайра үйүнө кайта албай калган 100дөй келин бар экенин билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: