Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев кесиптеши Жанар Акаев сунуштаган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары пайдаланууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбооруна өзүнүн каршы пикирин айтты. Анын айтымында, Бишкектеги Кулиева көчөсүндөгү мейманканалар башка максаттарда колдонулуп жатат.
“Бишкек шаарында канчалаган мейманканалар бош турса, жеке менчик үйлөрдүн баарын мейманкана кылып алышкан. “Ош базардын” жанындагы Кулиев көчөсүндөгү мейманканаларды керексиз максаттарга колдонуп жатышат. Кээ бир жерлерде үйлөрдү башка формада пайдаланууда. Ленин районунун акими бир канча миллион сомду алып, көчөдө видеокөзөмөл жасап жатат. Ал жер үй эмес, батир эмес же сойкукана эмес. Мен ошол райондун депутатымын, унаа менен өтүп көп көрөм. Чынын айтканда, ачык эле соода кылып алышкан. Милициянын дагы алы жетпейт. Ушуну жоюу керек”, – деди депутат Камчыбек Жолдошбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ