Menu

“Bespredel.kg” баракчасынын администратору Афтандил Жоробековго козголгон кылмыш иши токтотулду

Бөлүшүү:

“Bespredel.kg” баракчасынын администратору Афтандил Жоробековго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Афтандил Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Расмий кат келиптир. Мага карата козголгон кылмыш иш жабылды.

Бул кылмыш иши силердин колдооңөр болбогондо такыр башка нукка бурулуп кетээри анык эле. Эмнеге мен мындай айтып жатам ? Мен айтпай эле койоюн мага биринчи күндөрү абакта отурганда кандай гана кысымдар болгонун. 4-5 күндөн кийин гана коомдо жана соцтармактарда чоң нааразычылык жаралганда мага болгон мамиле өзгөрдү.

Сөз эркиндиги боюнча айтсам. Сөз эркиндигин Конституцияда гана каралган эмес. Сөз эркиндиги ар бир адамга кудайдан берилген. Сөз эргиндиги ар бир адамга өзүн коргоосун, ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшсүн деп берилген. Бул cөз эркиндик баалуулугубузду эч ким бизден тартып ала албайт.

Менин азыр эң чоң байлыгым бул силердин ишенимиңер. Бул ишеним менен мен, өзүн жерде пайгамбар же кудайга теңеп, элди коркутуу, үркүтүү менен башкарам дегендер менен күрөшөм. Алардын акчасы бир күнү түгөнөт, а биздин ишеним Кыргызстандын жаркын келечегине эч качан өчпөйт” – Афтандил Жоробеков.

Эске сала кетсек, УКМК «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын модератору, блогер Афтандил Жоробековду 24-ноябрда кармап, камакка алган. 5-декабрда Биринчи Май райондук соту бөгөт чарасын карап, 2020-жылдын 24-январына чейин үй камагына бошоткон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: