Menu

Кеминде 14 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет кылып, сабап өлтүргөн 20 жаштагы бала өмүр бою эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Кеминде 14 жаштагы окуучу кызды зордуктап, сабап өлтүргөн 20 жаштагы бала өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук прокуратурасынын кылмыш жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, буга чейин прокуратура Кемин райондук сотунун чечимине даттанган.

“Мамлекеттик айыптоо Кемин райондук сотунун мурунку чечими жумшак болгон деп эсептейт, ошондуктан чечим даттанылды. Экинчи инстанцияда сот жаңы чечим чыгарды, ага ылайык айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды. Экинчи инстанциянын өкүмү жарыяланган учурдан тартып дароо күчүнө кирет. Прокуратура жашы жете электер жабыр тарткан бардык кылмыш иштер боюнча күнөлүүлөрдү адилеттүү жазага тартууну көздөп жатат” – дейт Нурлан Тагаев.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын сентябрь айында Кемин районунда 14 жашар кыз дайынсыз жоголуп кеткен. 2 күн өткөндөн кийин анын сөөгүн бош турган үйдөн табылган. Ага шектүү катары буга чейин соттолгон 20 жаштагы бала кармалган. Ал көчөдөн көрүп калган кызды зордуктоо үчүн бош турган имаратка күч менен сүйрөп кирген. Кыз каршылык көрсөтүп кыйкырганда аны сабап өлтүргөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: