Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 22 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде билдирди.
Бишкек шаарынан – 16 адам,
Ош облусунан – 1 адам,
Нарын облусунан – 5 адам,
Бүгүнкү күндө бул илдеттен айыккандардын жалпы саны 1088 адам болду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 29-майда коронавирус жуккан 68 жаңы учур катталды. Эми алардын жалпы саны 1662ге жетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ