Menu

Сеид Атамбаев: “Партияда эч кандай бөлүнүү болгон жок: Момбеков, Жолдубаева, Кодуранова, Карамушкина КСДПда калышты, Турдукулов, Мискенбаев, Айтикеев чыгышты”

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына КСДПнын ичиндеги өз ара бөлүнүп-жарылуулар боюнча билдирүү жасады.

“Акыркы окуяларга байланыштуу, мен Рыскелди Момбеков партиядан чыккан жок деп айткым келет, ал партиянын саясий кеңештеги мүчөлүгүн гана токтоткон. Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодуранова да саясий кеңештен чыкты, бирок КСДПнын мүчөсү бойдон калды. Ротация Кой-Таш окуяларындагы сот иштерине байланыштуу кыйынчылыктардан улам келип чыккан. Адил Турдукулов, Мээрбек Мискенбаев жана Мирбек Айтикеев партиядан чыгышты. Ошондуктан партияда эч кандай бөлүнүү болгон жок, тескерисинче, партия күч алды.

Ирина Юрьевна тууралуу айтсам, биз анын үйүндө конокто болуп, мекенчил патриот экендигине дагы бир ирет ынандык. Үйүндө комуз, Манастын портрети, Каныкейдин портрети, Кыргызстандын картасы жана башкалар дубалга илинип турат. Ал партиядан чыгып кетти деген калп, биз биргеликте иштей беребиз”

Белгилей кетсек, Атамбаевдин уулдары Сеид жана Кадыр жаңы “Кыргызстан социал-демократтары” париясын түзүшкөн. Бирок, партиянын расмий түрдө ачылышы боло элек. Жаңы бирикмеде КСДПнын атрибуттары жана символдору колдонулат. Мурунку мамлекет башчынын уулдары 2020-жылкы парламенттик шайлоого катыша турганын билдиришкен.

Мыйзам боюнча, Алмаз Атамбаев эки партиянын тең мүчөсү боло албайт.  Социал-демократтардын катарында орун алган бөлүнүүдөн жана жаңы саясий уюмдун түзүлүшүнө байланыштуу ал эки партиянын кайсынысын колдой тургандыгын чечиши керек. Учурдагы кырдаал эки ача – Атамбаев өзү түзгөн партия жана анын балдары түзгөн партия. Эки түзүмдө тең анын шериктери бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: