Кыргызстанда сутка ичинде дагы 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында бир медкызматкер илдетке кабылган. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен 330 медицина кызматкери ооруса, алардын 247си стационарлардан айыгып чыккан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-майга карата коронавирус жуктурган 68 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1662ни түзөт. Алардын ичинен 1088 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ