“Сузактын Кара-Дарыя айылында жергиликтүү бийлик Өзбекстан менен такталбаган чек арадан 25 гектар жердин 8 гектарын биз алдык, калганын Өзбекстанга бердик деп жатат. Жергиликтүү бийликтин ушундай чечим алууга ыйгарым укугу барбы?”, – деп сурады кечээ, 28-майда Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Мирлан Бакиров.
“Эгерде ушундай такталбаган жерге убагында биздин дыйкандар дыйканчылык кылып келген болсо, алар салыгын төлөп келгенбиз, ижарага алганбыз деп айтышууда. Ал каражаттар кайда түшүп жатат? Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ушул меселеге көңүл бөлүп коюңуздар”, – деди Бакиров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ