Бишкек шаарында жана Нарын облусунда коронавирустун көрсөткүчтөрү жогору бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, Бишкекте бир нече очоктор медициналык мекемелерде: Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, жугуштуу оорулар ооруканасында, онкология жана гемотология борборунда катталган.
“Нарын облусунда аймактык ооруканасында да вирус жайылды. Милиция кызматкерлеринин арасында да коронавирустун көп учурлары катталды. Жарандардын тыгыз байланышта болушу коронавирустун жайылышына себеп болду. Бул эпидемиологиялык кырдаалды начарлатты” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 1662 адамдан коронавирус табылды, алардын ичинен 1088и сакайды, 16 жаран илдеттен улам каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ