Menu

Кыргызстан эл аралык университети Мухаммедкалый Абылгазиевдин диплому боюнча билдирүү таратты

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан Эл аралык университетинин магистратуранын биринчи агымынын бүтүрүүчүсү болгон. Бул тууралуу окуу жайдын сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазив “Жогорку математика жана бизнес” деп аталган магистратуранын күндүзгү бөлүмүндө “Банк иши” адистиги боюнча 1995-жылы окууга кирип, 1997-жылы аяктаган.

“Магистратурада окуган студенттер кечинде, ал эми бакалавриатта окугандар күндүз билим алышчу. Университеттин архивинде билим алганы үчүн контракт төлөгөндүгү жөнүндө бухгалтердик документтер, ошондой эле студент Мухаммедкалый Абылгазиевдин магистратуранын экинчи курсуна которулушу жөнүндө буйрук жана рапорт бар. Ошондой эле магистрдик диссертациясынын темасын бекиткен документ да камтылган” – деп айтылат билдирүүдө.

Фото МУК. Мухаммедкалый Абылгазиев был выпускником первого потока очной магистратурыФото МУК. Мухаммедкалый Абылгазиев был выпускником первого потока очной магистратуры

Белгиленгендей, 1995-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинде студенттерди эки деңгээл менен даярдаган Болон системасы иштей баштаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидери Айбек Хакимов Facebook социалдык баракчасына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге байланыштуу пост жарыялаган.

Анда ал, “Премьер-министр Абылгазиевдин өмүр баянын окусам, ал мени менен бир курста окуган экен, бирок ал биз менен окуган эмес, дипломду кантип алган?” деп таң калган.

Андан кийин Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев  Айбек Хакимовдун маалыматын төгүндөп, Хакимов менен Абылгазиев Кыргызстан эл аралык университетин бир убакта аяктаганын, бирок, премьер-министр магистратурада, ал эми Хакимов бакалаврда окуганын маалымдаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: