Америкалык ишкер Илон Масктын «SpaceX» корпорациясы эки астронавт менен учурган «Крю Дрэгон» кемеси Эл аралык космос станциясына жалгашты. Кеме жалпысынан 19 саат бою учту.
«Falcon 9» ракетасына орнотулган «Крю Дрэгон» кемеси Флориданын Канаверал кысыгындагы космодромдон 30-майда космоско учкан. Буга байланыштуу «Роскосмостун» башчысы Дмитрий Рогозин NASAнын директору Жим Брайденстайнды куттуктаган.
Dear @JimBridenstine, it's safe to congratulate you at this point with a successful launch and docking. Bravo! I know how anxious you were for this major event to become a success. I wish @NASA team to successfully finish up reconstructing its national space transportation system
— РОГОЗИН (@Rogozin) May 31, 2020
Кеме учурулгандан кийинки маалымат жыйынында Маск «Батут иштеп жатат» деп тамашалады.
2014-жылы Крымдын аннексиясына байланыштуу АКШ Орусияга каршы санкция киргизгенден кийин Рогозин жооп катары Москва америкалык астронавттарды «Союз» ракеталары менен учурбай коюшу мүмкүндүгүн айтып, бул үчүн Кошмо Штаттарга батут колдонууну сунуштаган.
2011-жылы “Space Shutlle” программасы токтотулгандан бери АКШнын аймагынан Эл аралык космос станциясына экипаж учурулган эмес. Соңку тогуз жыл бою америкалыктар Орусиянын “Союз” ракеталарынын бортунда учуп келишкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ