Россиянын Новосибирск шаарынан кечээ, 31-майда Бишкекке, “Манас” эл аралык аэропортуна 177 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул каттам менен ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, кары-картаңдар, кош бойлуу жана балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.
Ошондой эле, чет мамлекетте жашаган кыргыздарды мекенине кайтаруу иштери дагы да улантылат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ