Кечээ, 31-майда кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек жеринде эки өлкөнүн жарандары ортосунда чыр чыкты.
Өзбекстандын Чек ара кызматы “кырдаал көзөмөлдө” деп маалымат таратты: Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох аймагындагы Чечме булагында кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда булакты талашып жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Чырдан удам эки тарап бири-бирине “таш атышып”, акыры бир нече үйдү өрттөө менен аяктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ