Чоң-Чүй каналына бир жаш жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 31-май күнү кечки саат 6 жарымдар чамасында Учкун кичи районунда 2002-жылы туулган жаш жигит Чоң Чүй каналына чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Чөгүп кеткен баланын сөөгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ