Ак-Талаада 19-майдан бери коронавирус илдети менен ооруканада жаткан бейтап өзүн жакшы сезип калганын жана дарыгерлерге ыраазычылык билдирип өттү.
“19-майда коронавирус илдети менен ооруканага жаткырылдым. Азыркы абалым жакшырып, үйүмө чыгып жатам. Жалпы медицина кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирем. Жана ошондой эле мени караган медкызматкерлерине дагы рахматымды айтам. Ушул адамдардын ден-соолуктары чың болуп, ишиңиздерге ийгилик каалайм” – деп билдирди бейтап.
Ал эми, Ак-Талаа жергесинде ооруканада эмгектенген дарыгер үй-бүлөөсүн таштап, күнү-түнү эмгек кылып жатканын айта кетти.
“Акыркы учурларда коронавирус илдети дүйнө жүзү боюнча глобалдуу маселе болуп, ар бир өлкө үчүн аябай кыйын болуп жатат. Ак-Талаа жергесинде коронавирус илдети катталып, биз, дарыгерлер үй-бүлөбүздү таштап, күнү-түнү жаныбызды аябай, изоляция зонасында иштеп келе жатабыз” – деп билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ